Ссылки доступа

Freedom House Өзбекстанда «демократиялык өзгөрүүлөр» болуп жатканын белгиледи


Freedom House эл аралык укук коргоо уюму Европа менен Евразияда «антидемократиялык бурулуштар» болуп жатканын эскертти.

Уюмдун маалыматына караганда, көптөгөн өлкөлөрдө шайланган лидерлер демократиялык институттарды начарлатып, бийликте калуу үчүн «альтернативдүү авторитардык башкарууга» багыт алууда.

«2021-жылдын өткөөл мезгилиндеги өлкөлөр» деп аталган жылдык баяндамада Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн ичинен демократиялык принциптер баарынан Венгрия менен Польшада көп бузулуп жатканы белгиленген.

Freedom House мамлекеттерди жети критерий боюнча баалайт: улуттук башкаруу, шайлоо системасы, жарандык коом, көз карандысыз ЖМКлар, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары, сот системасынын көз карандысыздыгы жана коррупция.

Баяндамада «2020-жылы ири демократиялык өзгөрүүлөрдү жасаган» Өзбекстан менен Түндүк Македонияда «үмүттүн белгилери» пайда болгону жазылган.

«Түндүк Македония менен Өзбекстандын аракеттеринен улам акырындык менен жакшы өзгөрүүлөр болуп, бул өлкөлөргө берилген баалар жакшырды. Өзбекстанды алсак, саясий эркиндик жана Интернеттин эркиндиги боюнча рейтингде 2019-жылга салыштырмалуу бир тепкичке, демократия рейтингинде эки тепкичке жогорулады. Бирок Өзбекстан дале авторитардык өлкө бойдон калууда. Өлкөдөгү реформалар, анын ичинде айыл чарба жана сот системасында жүрүп жаткан иштер жарандардын жашоосун жеңилдетет, бирок ал аракеттер демократияны жакшыртууга же чыныгы саясий плюрализмди түзүүгө багытталган эмес», - деп жазылган баяндамада.

XS
SM
MD
LG