Ссылки доступа

АКШ президенти Жо Байден Конгресске алгачкы кайрылуусун жасады


АКШнын президенти Жо Байден Конгресске кайрылуу жолдоп, өлкөгө “Американын келечегин бекемдей турган” иш-аракеттердин ири планын сунуштаганын айтты.

Президент өлкөдө эмдөө кампаниясы ийгиликтүү өтүп жатканын жана Конгресс жактырган экономикалык дем берүү долбоорунун алкагында АКШнын экономикасы ыкчам өрүш алганын билдирди. Байдендин айтымында, бул башталышы гана. Ал Конгрессти “Жумуш орундарын түзүүнүн америкалык планын” колдоп берүүгө чакырды. Программада инфраструктуралык инвестицияларга: жолдорду жана көпүрөлөрү, электр өткөрүү линияларын, май куюучу жайларды курууга жана суу түтүктөрүн алмаштырууга эки триллионго чукул доллар бөлүү каралган. Президент минималдык айлык акыны саатына 15 долларга көтөрүүгө жана кесиптик кошуундарды түзүу укугун кеңейтүүгө чакырууда.

Президенттин “Америкалык үй-бүлө” планына ылайык, АКШда мектепке чейинки билим берүүнү бекер кылуу жана эки жылдык коомдук колледждерде бекер окутуу сунушталууда. Балалуу үй-бүлөлөр салык төлөөдө кошумча жеңилдиктерди алат. АКШ президенти Конгрессти медициналык камсыздандыруунун жана дары-дармектердин баасын төмөндөтүү үчүн колдон келген аракетти жумшоого чакырды.

Жо Байден бул пландарды корпорацияларга жана жылына 400 миң доллардан көп киреше тапкан калктын бир бөлүгүнө салыкты көбөйтүү менен ишке ашырууну убада кылды.

Жо Байден кайрылуусунун бир бөлүгүн АКШнын Кытай жана Орусия менен болгон мамилесине арнады. Анын билдиришинче, Кошмо Штаттар Орусия менен чыңалууну күчөтүүнү каалабайт, бирок Вашингтон Москванын душманчыл аракеттерине дал өзүндөй жооп кайтарат. Адам укуктарын коргоо тышкы саясаттын маанилүү бөлүгү бойдон калат, себеби Америка бардык адам бирдей деген идеяны тутунат.

XS
SM
MD
LG