Ссылки доступа

CPJ Өзбекстанды интернетте сөз эркиндигин чектеген мыйзамды жокко чыгарууга чакырды


“Журналисттердин укугун коргоо комитети” (Committee to Protect Journalists, CPJ) Өзбекстанды интернетте сөз эркиндигин чектөөнү күчөткөн мыйзамды жокко чыгарууга чакырды.

“Өзбекстанда октябрда президенттик шайлоо болор алдында бийлик мыйзамдарга бир катар жаңы өзгөртүүлөрдү киргизүү менен өз оюн эркин билдирген жарандарды көзөмөлдөнүү күчөтүүгө ниеттенип жаткандай. Эгер өзбек бийлиги либералдык реформалар жүрүп жатканына дүйнөнү чындап ишендиргиси келсе, алар прессанын эркиндигин чектеген жана сын билдирүүлөрдү жазгандарды айып пул, түрмөгө камоо менен коркуткан мыйзамдарды жокко чыгарышы керек”, - деди комитеттин Европа жана Борбор Азия боюнча программалык координатору Гүлноза Саид.

Өзбекстанда «Маалымат жөнүндөгү» мыйзамга, Кылмыш жана Административдик кодекстерге киргизилген өзгөртүүлөр 31-мартта күчүнө кирген.

Ага ылайык, телекоммуникациялык түйүндөр же Интернет аркылуу Өзбекстандын президентине акарат келтиргендер, жалаа жапкандар жана жапырт башаламандыкка чакыргандар 5 жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн. Ушундай эле кылмыштар жалпыга маалымдоо каражаттары же телекоммуникациялык түйүндөрдү колдонуу менен кандайдыр бир топ тарабынан жасалса, 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Өзбекстанда 24-октябрда президенттик шайлоо өтөт. Анда Мирзиёевдин экинчи мөөнөт үчүн ат салышары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG