Ссылки доступа

Жаңы-Өзөндө мунайчылардын иш таштоосу токтоду


Жаңы-Өзөн шаарындагы «МунайФилдСервис» компаниясын тейлеген «MADIBA» ишканасынын жумушчулары айлыктарды жогорулатуу талабы аткарылганын билдирип, иш таштоону токтотушту.

Бул маалыматты «MADIBA» ишканасынын башчысы Галымжан Каржаубайулы ырастады.

— Айлык акылар «КазМунайГаздын» индексациясына жараша болот. «КазМунайГаз» макулдук берди, азыр эсептөө иштери жүрүп жатат», — деди ал.

Өткөн жуманын башында «MADIBA» компаниясынын ондогон жумушчусу Жаңы-Өзөн шаардык акимчилигинин алдына топтолуп, президент Касым-Жомарт Токаевге кайрылуу жасашкан. Анда чогулгандар Эмгек кодексинде жазылгандай жумушчуларга аларды жалдап иштеткен ишкананын кызматкерлериникиндей өлчөмдө айлык төлөнбөй жатканына даттанышкан.

XS
SM
MD
LG