Ссылки доступа

Казакстанда 1-майга белгиленген митингдердин алдында активисттер суракка чакырылууда


Казакстандын шаарларында оппозициянын 1-майга белгиленген митингдеринин алдында активисттер полицияга чакырылып, айрымдары камакка алынууда.

29-апрелде активист Ракила Бекназарова 15 суткага административдик камакка алынганы кабарланды. Ал “Тартипти бузуу менен өткөрүлгөн коомдук иш-чарага экинчи жолу катышуу” беренеси боюнча айыпталууда.

27-апрелде сот тынч жыйындарды өткөрүү тартиптерин бузуу айыбы менен активист Гүлмира Ахманованы 12 суткага камакка алган. Ал 2-апрелде Бекназарова менен бирге полиция департаментинин алдына барып, камактагы активист Муратбай Баймагамбетовду бошотууну талап кылган.

28-апрелде укук коргоо кызматкерлери активист Анара Ибраимованы Медеу райондук полиция бөлүмүнө жеткирип, “Тартипти бузуу менен өткөрүлгөн коомдук иш-чарага экинчи жолу катышуу” беренеси менен административдик протокол түзүшкөн. Шаршемби күнү Жамбыл облусунда полиция кызматкерлери активист Багдат Бактыбаевге «пробациялык көзөмөлдүн шарттарын бузбашы керектигин» эскертишкен. Чымкент шаарында полициянын өкүлдөрү активист Жанмурат Аштаевдин үйүнө барып, жакындарына ал тууралуу суроолорду беришкен.

Азырынча бул көрүнүштөр боюнча полиция түшүндүрмө бере элек.

Буга чейин «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын негиздөөчүсү, чет өлкөдө бозгунда жүргөн оппозициячы Мухтар Аблязов тарапташтарын 1-майда митингдерге чыгып, саясий туткундарды бошотууну, жарандарды мажбурлап эмдөөдөн өткөрүүнү токтотууну жана бааларды турукташтырууну талап кылууга чакырган.

Видео

Видео

Өз менен өзгөнү тейлеген "Токтогул" ГЭСи
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:20:23 0:00
XS
SM
MD
LG