Өзбек президентинин маалымат кызматы билдиргендей, сапар учурунда Курандан сүрө окулду.
Комплекстин жанында түркмөн президентинин атасы Маликгули Бердымухамедовдун жаркын элесине арналып ифтар уюштурулду. Иш-чарага эки өлкөнүн муфтийлери, дин ишмерлери жана аксакалдар катышты. Мирзиёев өз сөзүндө Өзбекстан элинин атынан Түркмөнстан президентинин атасынын жарык дүйнө менен кош айтышына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтты.
Ушул эле күнү Мирзиёевдин Түркмөнстанга болгон иш сапары аяктады. Ашхабаддын эл аралык аэропортунда аны Гурбангулы Бердымухамедов узатты.