Ссылки доступа

Өзбекстанда блогер Миразиз Базаров үй камагына алынды


Миразиз Базаров.

Өзбектанда ЛГБТ мүчөлөрүнүн укугун коргогон блогер Миразиз Базаровго кылмыш иши козголуп, үй камагына алынды. Ага кимдир бирөө менен сүйлөшүүгө тыюу салынды.

Бул тууралуу Базаровдун адвокаты Сергей Майоров билдирди.

Базаров 29-апрель күнү ооруканадан чыгары менен Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгына жеткирилген.

Ал Кылмыш кодексинин "Жалган жалаа жабуу", "Акарат келтирүү" беренелери боюнча айыпталууда. Эгер сот аны күнөөлүү деп тапса, үч жылга чейин түрмөгө камалышы мүмкүн.

30-мартта укук коргоо кызматкерлери Базаров жашаган батирде тинтүү жүргүзүп, анын документтерин жана компьютерин алып кетишкен. Бирок бул боюнча протокол түзүлгөн эмес.

Эртеси Базаровдун апасынын үйүндө да тинтүү жүрүп, видеокамера, фотоаппараттар, блогердин эски телефону жана аялынын компьютери алынган.

Миразиз Базаров 28-мартта Ташкентте жапон анимесин жана корей поп-музыка сүйүүчүлөрү үчүн кезектеги иш-чараны өткөрүүгө камданып жаткан маалда белгисиз кишилер тарабынан сабалган. Дарыгерлер блогердин ички органдары жабыркап, сол буту сынып, мээси чайкалганын билдиришкен.

Базаровдун сабалышы боюнча Кылмыш кодексинин «Атайлап денеге зыян келтирүү» беренеси боюнча иш козголгон. Күн мурун басылманын булактары блогердин достору ички иштер бөлүмдөрүнө чакырылып, алардан ЛГБТ темасы боюнча гана сурап жатышканын кабарлашкан.

Миразиз Базаров Telegram каналы аркылуу бийликти өлкөнүн Кылмыш кодексинен «Гомосексуализм» беренесин алып салууга чакырган. Ошондой эле ал президент Шавкат Мирзиеёвди сындап, бийликти коррупцияга айыптап, ачык-айкындуулук камсыз болмоюнча Өзбекстанга насыя берүүнү токтотууга чакырып, Азия нүктүрүү банкы менен Эл аралык валюта фондуна кайрылган.

Видео

Видео

COVID-19: эмдөө эмне үчүн керек?
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:55 0:00
XS
SM
MD
LG