Ссылки доступа

Израилде диний майрамдагы кысылыштан ондогон киши каза болду


Израилдин түндүк-чыгышында диний майрамдагы кысылышта ондогон киши каза болуп, жүздөн ашыгы жаракат алды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар кабарлашты.

Кырсык Лаг ба-Омер майрамына карата он миңдеген кишинин катышуусунда Мерон тоосунда өтүп жаткан салтанат учурунда болгон. The Times of Israel басылмасы уюштуруучуларга шилтеме кылып, пандемиядагы чектөөлөргө карабастан майрамдык иш-чарага 100 миңге жакын киши катышканын билдирүүдө.

Алгач адамдар сахналардын бири түшүп кеткенден кийин каза болгону кабарланган. Бирок көп өтпөй жергиликтүү бийлик кырсыкка тыгылыш себеп болгонун билдирди. Полициянын маалыматына ылайык, майрамдын ондогон катышуучусу тепкичтерден тайгаланып, арт жагындагы кишилерге кулаган.

Түрдүү маалыматтарга караганда, кырсыктан 38-44 киши каза болду. Жергиликтүү тез жардам кызматы алты адамдын абалы өтө оор, 18 бейтаптыкы оор экенин билдирди.

Бул Израилдин жаңы тарыхындагы тынч маалда болгон эң ири кырсык болуп калды. Өлкөнүн премьер-министри Беньямин Нетаньяху окуяны «оор кырсык» деп атады.

Лаг ба-Омер майрамы жыл сайын биздин заманга чейинки II кылымда жашаган Раввин Шимон Бар Йохая көмүлгөн жерде белгиленет.

XS
SM
MD
LG