Ссылки доступа

Мамдепартамент Москваны ЭЕ/АҮ медиакорпорациясына басымды токтотууга чакырды


АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен орус бийлигин «Эркин Европа/Азаттык үналгысы» (ЭЕ/АҮ) медиакорпорациясына карата жасалып жаткан басымды токтотууга чакырды. Бул тууралуу брифинг маалында Мамлекеттик департаменттин өкүлү Нед Прайс билдирди.

Анын айтымында, Блинкен ЭЕ/АҮ маселесин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен талкуулады. Мындан тышкары Мамдепартамент орус бийлигине жасаган бул кайрылууга кошулуу өтүнүчү менен эл аралык өнөктөштөрүнө кайрылган.

Прайс эгер орус бийлиги «Эркин Европа/Азаттык үналгысы» медиакорпорациясына басымды уланта берсе, АКШ жооптуу чараларды көрүшү мүмкүн экенин белгиледи.

Орусия бийлиги бир нече жыл мурда «Свобода» радиосун жана ЭЕ/АҮ корпорациясынын башка долбоорлорун «Чет элдик агенттердин» тизмесине кошкон. Медиауюм бир нече жолу өзүн кайсы бир өлкөнүн «агенти» деп эсептебей турганын, анткени анын редакциялык саясаты толугу менен көз карандысыз экенин белгилеген.

«Роскомнадзор» мекемеси акыркы айларда «чет элдик агент» мыйзамынын катаал чектөөлөрүн сактаган жок деген доо менен «Эркин Европа/Азаттык» үналгысынын орус тилдүү кызматына 1 миллион доллардан ашык айып пул салган. Мекеме бул медиа кызмат 500дөн ашык мыйзам бузуу учурларына жол берди деп санайт. Орусия мыйзамдарындагы бардык нормаларды сактап келаткан ЭЕ/АҮ медиакорпорациясы бийликтин бул аракетин редакциялык саясатка кийлигишүү катары баалап, талаптарды аткаруудан баш тарткан.

Апрелдин ортосунда ЭЕ/АҮ бул административдик протоколдор боюнча сот чечимдерин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Адам укуктары боюнча Европа сотуна доо арыз менен кайрылган.

Видео

Видео

"Шам-Бала": Керексизовдун соңку керээзи
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:10:41 0:00
XS
SM
MD
LG