Ссылки доступа

Алматы менен Чымкентте бир нече киши кармалды (видео)


Алматыда бозгундагы оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязов бийликке каршы митинг өтөт деп белгилеген жерге – Борбордук паркка келген кишилер кармалды. “Азаттыктын” казак кызматы 1-майда полиция бери дегенде беш кишини кармап кеткенин билдирди.

Кармалганга чейин бул кишилер бийликке өз талаптарын айтууга үлгүрүшкөн. Алар саясий туткундарды бошотууну, Европарламент кабыл алган Казакстандагы адам укуктары жөнүндөгү резолюцияны аткарууну, баанын өсүшүнө бөгөт коюуну жана “мажбурлап эмдетүүнү” токтотууну сурашкан.

Бул арада ушул эле күнү Чымкентте “Кыял ааламы” паркында төрт киши кармалды. Белгисиз кишилер “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысына окуяны видеого тартууга тоскоолдук кылышты.

Казакстандын бир нече шаарында Аблязов “митинг өтө турчу жер” катары көрсөткөн аймактарга бара турган жолдор жабылды. Интернет үзгүлтүккө учурады.

XS
SM
MD
LG