Ссылки доступа

Баткен коогасында жараат алган дагы бир жаран каза болду


Саламаттык сактоо министринин орун басары Ализа Солтонкулова 3-майдагы брифингде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жараат алган дагы бир жаран каза болгонун билдирди. Анын айтымында, маркум 1967-жылкы Максат айылынын тургуну болчу.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын саны 35ке жетип, 180дей киши жараат алды. Үй-жайын таштай качкан, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 50 миңге чамалады.

Баткендеги коогада 78 үй, эки мектеп, бир фельдшердик жана акушердик пункт, үч чек ара бекети, бир бала бакча, 10 май куюучу бекет, ички иштер бөлүмүнүн бир имараты жана сегиз дүкөн талкаланып, өрттөлдү.

"Азаттыктын" тажик кызматы ишенимдүү булактарына таянып, тажик тараптан 16 киши каза болуп, 90у жараат алганын билдирген. Душанбе жабыркагандар тууралуу расмий маалымат бере элек.

Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жетекчилери 1-майга караган түнү ок атууну токтотуу жана аскерлерди чек арага жакын аймактардан чыгарып кетүүнү макулдашкан.

Видео

Видео

Мүнөтүнө 25 миң сөз окуган Элла
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:01 0:00
XS
SM
MD
LG