Бул Өзбекстандагы эң ири ишканалардын бири болуп эсептелет. 2019-жылы аны 16 миллион доллар алгачкы төлөм менен индонезиялык Trans Asia Resources компаниясы сатып алууга макулдук берген. Бирок келишим жүзөгө ашпай калган.
Маалыматка караганда, кызыктар тараптар 28-майга чейин Өзбекстандын мамлекеттик активдерин башкаруу агенттигине караштуу инвестициялык UzAssets компаниясына жазуу түрүндө өтүнмө бериши керек.
Фергана мунайды кайра иштетүүчү заводу жылына 2 миллион тонна мунайды кайра иштетүүгө кудуреттүү.
Расмий маалыматка караганда, ишкананын жылдык орточо кирешеси акыркы үч жылда 19 миллион долларды түзгөн. Бул жерде 6 500дөй киши эмгектенет.
Буга чейин заводду мурдагы президент Ислам Каримовдун үй-бүлөсү анын балдызы Тамара Сабирова жана уулу Акбарали Абдуллаев аркылуу көзөмөлдөй турганы айтылып келген.