Ссылки доступа

Казакстан менен Кытай Хоргос дарыясында суу сактагыч курууну пландоодо


Казакстан менен Кытай Алматы облусунун Панфилов районундагы Хоргос дарыясында суу сактагыч курууну пландап жатат. Бул тууралуу Казакстандын Экология, геология жана жаратылыш ресурстар министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, бул маселе эки өлкөнүн өкмөттүк деңгээлинде каралууда.

Акыркы үч жылда дарыядагы “Достук” түйүнүндө суунун деңгээли азайып кеткен. Адистер суу сактагыч куруу менен суу тартыштыгын чечүүгө болот деп эсептешет.

“Казсуу” мамлекеттик ишканасынын директору Алтай Елжасовдун билдиришинче, ишкана жергиликтүү аткаруу органдары менен биргеликте жаңы суу сактагычтын курулушунун сметалык документтерин иштеп чыгып, өкмөткө сунуштайт.

"Аталган объект трансчек ара аймагында жайгашкан. Ошол себептен бул маселе эки өлкө өкмөтүнүн деңгээлинде каралып жатат. Бирок ага карабай, жергиликтүү аткаруу органдары объект салына турган жерди аныктап, сметалык документтерин жасап, Экология министрлигине тапшырат", -деди ал.

Хоргос – Казакстан менен Кытай чек арасынын боюндагы Иле дарыясынын оң агымында жайгашкан. Жалпы узундугу 270 чакырымдан ашат.

Андагы “Достук” гидротүйүнү 2013-жылы пайдаланууга берилген.

Видео

Видео

Багбанчылыктан баар тапкан Урмат Акматов
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:09:28 0:00
XS
SM
MD
LG