Ссылки доступа

Тажикстанда оппозициячыл саясатчы уулу менен абактан түрмөгө которулду


14 жылга соттолгон Тажикстан Социал-демократиялык партиясынын төрагасынын орун басары Махмурод Одинаев убактылуу тергөө жайынан түрмөгө которулду.

Быйыл 28-январда Рудаки райондук соту Махмурод Одинаевди 14 жылга эркинен ажыраткан. Сот аны «Бейбаштык» жана «Экстремисттик ишмердүүлүктү ишке ашырууга ачык чакырык жасоо» беренелери боюнча күнөөлүү деп тапкан. Оппозиционер жана анын туугандары өкүмдү негизсиз жана саясий буюртма деп атаган.

Тажик бийлиги оппозициялык партия лидеринин орун басарынын түрмөгө которулушу боюнча комментарий берген жок. Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын бир кызматкери гана Махмурод Одинаев 1-майда Вахдат шаарындагы «Кирпичный» деген ат менен белгилүү катаал режимдеги колонияга которулганын тастыктады. Ал ушул эле күнү Махмурод Одинаевдин уулу Шайхмуслихиддин Ризоев да абактан түрмөгө которулганын кошумчалады.

Ризоев «бейбаштык», «зордуктоого аракет жасоо» айыбы менен алты жылга соттолгон. Анын туугандары уулу атасынын саясий ишмердүүлүгүнүн курмандыгы болду деп эсептешет.

Өткөн аптада Тажикстан Социал-демократиялык партиясынын расмий өкүлдөрү Одинаевдин саламаттыгы начарлап кеткенин кабарлашып, абакта ал майыптардын арабасы менен жүрүп калганына тынчсызданышкан.

XS
SM
MD
LG