Ссылки доступа

Чек ара жаңжалында тажик тараптан каза тапкандардын саны 20га жетти (видео)


“Озоди” радиосу 5-майда чек ара жаңжалынан каза тапкан дагы эки кишинин аты-жөнүн аныктады. Алар Исфара шаарынын Чоркух жамаатынын тургуну, 37 жаштагы Хакимбой Ниёзов менен 20 жаштагы жоокер Нусратулло Набиев экени белгилүү болду.

Чоркух жамаатынын башчысы Шукурхон Насриев кыштактын эки жашоочусунун өлгөнүн тастыктады. Анын айтымында, Нусратулло Набиев армияда кызмат өтөп жаткан. Чек арадагы жаңжалдан дээрлик бир апта өткөнү менен тажик өкмөтү азыркыга чейин өлгөндөрдүн жана жаракат алгандардын тизмесин жарыялай элек. Ошол эле маалда каржылай чыгымдар эсептелип, бузулган жана өрттөлгөн имараттарды калыбына келирүүгө тапшырма берилген.

"Озоди" радиосу 4-майда Нурабад районунун аткаминерлерине шилтеме жасоо менен бул аймактан чыккан 20 жаштагы чек арачы Аслиддин Абдузаманов менен 26 жаштагы чек ара офицери Абдуллах Саидов 29-апрелде мерт болгонун жана алардын сөөгү 1-майда жерге берилгенин жазган.

“Озоди” радиосунун эсеби боюнча муну менен чек ара жаңжалында каза тапкан тажикстандык жарандардын саны 20га жетти. Бул арада 88 киши жаракат алганы айтылууда.

В Исфаре похоронили жертв приграничного конфликта
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:16 0:00

28-30-апрель күндөрү Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чыккан куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын расмий саны 36га жетип, 189 киши жараат алды. Каза тапкандардын үчөө аскер кызматкери. Үй-жайын таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны 58 миңге чамалады.

Баткен жана Лейлек райондорунда бери дегенде 11 айылда турак жайлар талкаланып, өрттөлдү. Жаңжалда жабыр тарткан тажик айылдарына барган журналисттер Кожалы (Хожа Аъло) айылындагы бузулган, өрттөлгөн үйлөрдүн сүрөттөрүн жарыялашууда.

Видео

Видео

"Шам-Бала": Керексизовдун соңку керээзи
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:10:41 0:00
XS
SM
MD
LG