Ссылки доступа

Путин менен Рахмон кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды талкуулайт


Орус президенти Владимир Путин менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 8-майда Москвадагы жолугушуусунда кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалды талкуулашат.

Бул тууралуу Орусиянын мамлекеттик "РИА Новости" агенттиги Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка ылайык, Тажикстандын президенти Кызыл аянттагы Жеңиш парадына да катышат.

"ТАСС" жаңылыктар агенттиги Песковго шилтеме кылып жазгандай, Рахмон менен Путиндин сүйлөшүүлөрү кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыкканга чейин эле пландалган. Бирок Песков кыргыз президенти Садыр Жапаров Жеңиш парадына карата Москвага келбей турганын айткан.

Тажикстан жана Орусиянын башчылары чек ара жаңжалын талкуулай турганын тажик президентинин басма сөз кызматы “Озоди” радиосуна ырастады.

Кыргызстанда президент Садыр Жапаров Москвадагы Жеңиш парадына катышары же катышпай турганы тууралуу расмий маалымат азырынча боло элек.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасында чыккан куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын расмий саны 36га жетип, 189 киши жараат алды. Жүздөй адам дале ооруканада жатат.

Тажик өкмөтү жабыркагандардын жана курмандыктардын санын расмий жарыялай элек. "Озоди" радиосу жаңжалда 20 адам каза болуп, 90 киши жараат алганын билдирүүдө.

Кыргызстан менен Тажикстандын расмий өкүлдөрү 1-майга карата түнү ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууга кол коюшкан.

XS
SM
MD
LG