Ссылки доступа

Азербайжандык активист Түркияда белгисиз жагдайда каза болду


Байрам Мамедов
Байрам Мамедов

Азербайжандык активист Байрам Мамедов Түркиянын Стамбул шаарында белгисиз жагдайда каза болду.

Тааныштарынын айтымында, анын сөөгү бир нече күн мурда деңиздин жээгинен табылган.

Түрк полициясы активисттин өлүмү боюнча тергөө иштерин баштап, азырынча окуяга байланыштуу бардык болжолдуу себептерди карап жатат.

26 жаштагы Мамедов 2016-жылы май айында дагы бир демократиячыл активист Гияс Ибрагимов менен бирге учурдагы президенттин атасы, мурдагы мамлекет башчысы Гейдар Алиевдин айкелине "Кулдардын майрамы кут болсун!" деп жазганы менен көпчүлүккө таанылган.

Бул окуядан көп өтпөй экөө тең баңгизатка байланыштуу айыптардын негизинде 10 жылга эркинен ажыратылган. Алар кинени четке кагышкан.

"Amnesty International" уюму эки активистти "абийир туткуну" деп тааныган. 2019-жылдын март айында президент Ильхам Алиев абактагы 400 адам менен кошо Маммадов менен Ибрагимовго ырайым берген.

XS
SM
MD
LG