Жапаров Маргун айылындагы жолугушууда коогада кыйраган, өрттөлүп, талкаланган үйлөрдү, турак-жайларды эки айдын ичинде калыбына келтирүү тууралуу убада берди. Ал чыгымдардын баарын мамлекет көтөрүн айтты. Ошондой эле Маргунда аскердик бөлүк жайгашарын маалымдады.
Жапаров 6-майда Баткенге иш сапар менен барды. Анын күзөтчүлөрү журналисттерге, жайкын тургундарга президенттин жолугушууларын сүрөткө, видео-аудиого тарттырбай жатат.
Президент 5-майда “Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндөгү” жарлыкка кол койгон.
Ага ылайык, бул максатта премьер-министр төрагалык кылган мамлекеттик комиссия түзүлөт жана аталган облуста президенттин атайын өкүлү дайындалат.
28-30-апрель жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алды.