Ссылки доступа

Орусияда бир компоненттүү вакцина каттоодон өттү


Орусия бийлиги өлкө аймагында колдонуу үчүн коронавирус инфекциясына каршы "Спутник Лайт" аттуу төртүнчү вакцинаны каттады.

Ал өзүнө вектордук “Спутник” вакцинасынын биринчи компонентин камтыйт. Мурдагысынан айырмаланып, жеңилдетилген версиясы – бир дозалуу. Бул тууралуу Орусия түз инвестиция фонду кабарлады.

"Спутник Лайт" – орус рыногунда уруксат берилген алкачкы бир компоненттүү вакцина. Вакцинаны жаратуучулар анын эффективдүүлүгү 79,4 пайыз экенин кабарлашты, эки компоненттүү препараттыкы 91,6 пайызга бааланган.

Гамалея илимий иликтөө борборунун директору Александр Гинцбург "Россия 24" каналына препаратты вакцина жетишсиз болгон өлкөлөрдө колдонуу пландалып жатканын айтты.

Тышкы рынокко сатуу үчүн вакцина башка өлкөлөрдө кайра каттоодон өтүшү керек. Учурда "Спутник V" вакцинасы 64 өлкөдө колдоого алынган жана аны Евробиримдиктин медицина адистери иликтешүүдө. Бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму аны колдонуу боюнча азыркыга чейин сунуш бере элек.

Видео

Видео

"Шам-Бала": Керексизовдун соңку керээзи
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:10:41 0:00
XS
SM
MD
LG