Ссылки доступа

Өзбекстанда милициянын формасын кийип бийлеген чач тарач жети суткага камалды


Ташкент облусунда милиция кызматкеринин формасын кийип бийлеген 21 жаштагы тургун камакка алынды. Бул тууралуу 5-майда Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, чач тарачта иштеген бала 2-майда базардан милициянын формасын сатып алып, тамаша иретинде аны кийип бийлеген. Бул учурду видеого тартып, тааныштарына жиберген.

ИИМдин билдирүүсүндө сурак маалында кармалган жаран өзүнүн бул аракетин түшүндүрүп берүүдөн баш тартып, каршылык көрсөткөн. Ал жети суткага административдик камакка алынды.

Өзбекстанда быйыл февралда да ушундай учур катталган. Сырдарыя облусунун Мирзаабад районунда 26 жаштагы Хасан Дустонов «лайк» чогултуу үчүн милиция кызматкеринин формасы менен бийлеп, бул үчүн сегиз суткага административдик камакка алынган.

XS
SM
MD
LG