Ссылки доступа

Жапония Олимп оюндарынын алдында өзгөчө абал режимин узартуу ыктымалдыгын кароодо


Жапон өкмөтү 7-майда коронавирус инфекциясынын жайылуусун басаңдатуу үчүн Токио шаарындагы жана үч префектурадагы өзгөчө абал режимин май айынын аягына чейин узартуу ыктымалдыгын карайт.

Жапониянын баш калаасында өтө турган жайкы Олимп оюндарынын башталарына үч айдан аз убакыт калды.

Былтыр пандемияга байланыштуу өтпөй калган оюндарга 11 миңден ашык спортчу катышат деп күтүлүүдө. Буга чейин жапон өкмөтү чет өлкөлүк күйөрмандарды өлкөгө киргизбөө чечимин кабыл алган.

Жапония коронавирус инфекциясынан дүйнөнүн көптөгөн башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу азыраак жабыркады. Ошол эле маалда өлкөдө эмдөө иштери жай жүрүп жатканы кабарланууда.

Видео

Видео

"Шам-Бала": Керексизовдун соңку керээзи
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:10:41 0:00
XS
SM
MD
LG