Ссылки доступа

Мирзиёев: акимдердин чет тилдерин билүүсү милдеттүү болот


Кийинки жылдан баштап Өзбекстандын мамлекеттик мекемелеринде кызматкерлерди жумушка алууда жана жаңы кызматтарга дайындоодо талапкерлердин чет тилдерин билүүсү милдеттүү болот.

Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёев чет тилдерди окутуу системасын жакшыртууга арналган видеоконференция маалында билдирди.

Жогушунуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы чет тилдерди окутууда айыл-чарбасындагыдай кластердик системаны киргизүү зарылдыгын белгиледи.

«Жумушка алууда чет тилди билүү милдеттүү болот. Эми акимдер чет тилин билиши керек», - деди Мирзиёев.

Анын айтымында, чет тилин жакшы билген кызматкерлер үчүн 20% кошумча сыйакы киргизилет.

Мирзиёев 6-майдагы жыйын маалында министрлер кабинетине караштуу Чет тилдерди окутуу агенттиги түзүлгөнүн билдиргени кабарланган.

XS
SM
MD
LG