Ссылки доступа

Блинкен: АКШ Украинага кошумча аскердик жардам берүү маселесин карап жатат


Кошмо Штаттар Кремлдин агрессиясына каршы кошумча аскердик жардам көрсөтүү боюнча Киевдин өтүнүчүн кароодо. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен билдирди.

Киев АКШдан абадан коргонуу системаларын жана снайперге каршы технологияларды сураган. Мындан тышкары кеп Patriot ракеталарын Украинада жайгаштыруу жөнүндө болуп жатат.

Блинкен 6-майда Киевде “Азаттык” радиосунун украин кызматына интервью берип жатып, Пентогон Украинага кошумча жардам берүү маселесин карап жатканын айткан.

5-майда Мамлекеттик департамент жарыялаган билдирүүдө 2014-жылдан бери АКШ Украинага 4,6 миллиард доллардан көп жардам көрсөткөнү жазылган.

Украинанын чыгышындагы эки облустагы жаңжалдан жети жылда 13 миңден ашуун киши өлдү.

Блинкендин Киевге болгон сапары Орусия Украинанын чек арасынан алыс эмес жерде 100 миңден ашык аскерин жайгаштыргандан кийинки маалга туш келди. Блинкендин айтымында, Орусия аскерлеринин жана техникаларынын бир бөлүгүн алып кетти, бирок басымдуу бөлүгү чек арага жакын жерде калууда жана Украинага олуттуу коркунуч жаратууда.

Видео

Видео

Өз менен өзгөнү тейлеген "Токтогул" ГЭСи
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:20:23 0:00
XS
SM
MD
LG