Ссылки доступа

Нетаньяху полициянын палестиналыктарга каршы аракетин колдой турганын билдирди


Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху полиция кызматкерлеринин палестиналыктарга каршы Иерусалимдеги аракеттерин колдой турганын билдирди.

Премьер израиль өкмөтү радикал элементтерге шаардагы тынчтыкты бузууга жол бербей турганын белгиледи.

Күн мурун Иерусалимдеги кагылышуулардан 200 киши жаракат алганы кабарланган. Полиция кызматкерлери Аль-Акса мечитинин жанында аларды таш менен урууга аракет кылган палестиналыктарга желим октор жана кулак тундуруучу гранаталар менен жооп беришкен.

Бул окуяга байланыштуу АКШ, Европа биримдиги, Орусия жана БУУ тынчсыздануусун билдирген.

Иерусалимде бул сыяктуу кагылышуулар Рамазан айы башталгандан бери бир нече жолу болгон. Алгач жаңжал палестиналыктардын Рамазан айына байланыштуу Иерусалимдин Эски шаарына чогулуусуна тыюу салынгандан кийин чыккан.

Кийинчерээк чыңалуунун күчөшүнө Чыгыш Иерусалимдеги бир нече палестиналык үй-бүлөнү көчүрүү ыктымалдыгы тууралуу билдирүүлөр себеп болгон. 7-майда полиция ал жерге чогулган демонстранттарды кулак тундуруучу гранаталар менен кууп тараткан.

Видео

Видео

"Шам-Бала": Керексизовдун соңку керээзи
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:10:41 0:00
XS
SM
MD
LG