Ссылки доступа

Тажикстан блокчейн технологиясын киргизүүгө ниеттенүүдө


Иллюстрациялык сүрөт

Тажикстандын Өнөр жай жана жаңы технологиялар министрлиги эл аралык Fantom технологиялык фонду менен келишим түздү.

Fantom компаниясынын сайтындагы маалыматка караганда, бүгүнкү күндө тажик тарап «Кардарлар менен болгон мамилени башкаруу» (Customer Relationship Management) системасын киргизүү тууралуу Fantom’дун сунушун изилдеп жатат. Анын жыйынтыгы менен «Блокчейн технологиясынын негизинде өнүгүү жана изилдөө борборун» түзүү тууралуу жаңы келишимге кол коюу каралууда.

Fantom компаниясынын Түштүк Азиядагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Жовид Сикандар сунушталып жаткан система Тажикстан экономикасынын суроо-талабын канааттандырууга шарт түзөрүн билдирди.

Тажикстандын Өнөр жай жана жаңы технологиялар министрлиги өлкө экономикасынын келечеги блокчейн технологияларын колдонууга байланыштуу экенин белгилеп, бул система бизнестин өнүгүүсүнө шарт түзөт деп эсептөөдө.

Блокчейн (blockchain) – белгилүү бир эрежелер боюнча түзүлүп, үзгүлтүксүз, ырааттуу иштеген маалыматтык блоктордун чынжырчасы. Ал интернеттин жардамы менен маалыматтарды бир эле маалда көптөгөн компьютерлерде сактоого мүмкүндүк берген технология. Маалыматтар сакталган түйүндүн катышуучуларынын саны миллиондоп саналышы мүмкүн.

Адистердин айтымында, мамлекеттик деңгээлде блокчейнди каржыны, мамлекеттик карыздарды жана гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү тармактарында колдонсо болот.

Видео

Видео

Өз менен өзгөнү тейлеген "Токтогул" ГЭСи
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:20:23 0:00
XS
SM
MD
LG