Расмий маалыматтарга ылайык, Казакстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 344 731ге жетип, 3928 бейтап көз жумду. Мындан тышкары 53 564 киши 2020-жылдын август айынан бери өзүнчө эсептеле баштаган «коронавирустук пневмонияга» (COVID-19дун белгилери бар, бирок анализи таза чыккан бейтаптар) кабылып, алардын 832си каза болду.
Казакстанда 10-майга карата коронавируска каршы вакцинадан өткөндөрдүн саны 1,6 миллион кишиге жетти. Өлкөдө Орусиянын «Спутник V», Казакстандын QazVac жана Кытайдын Бириккен Араб Эмираттарында өндүрүлгөн Sinopharm вакцинасы колдонулууда.