Ссылки доступа

Тажикстан көз карандысыз телеканалдар менен радиостанцияларга толук көзөмөл киргизүүдө (видео)


Власти Таджикистана будут полностью контролировать независимые ТВ-каналы и радиостанции
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:40 0:00

Тажикстандын Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу комитети көз карандысыз телеканалдарга жана радиостанцияларга толук көзөмөл киргизди.

ЖМКлардын ишмердүүлүгүн чектөө тартиби лицензияны узартуу боюнча келишимде жазылган. Ага ылайык, редакциялар чет тилдеги, анын ичинде орус тилиндеги репортаждарынын жана материалдарынын тексттерин комитеттин жетекчилиги менен макулдашуусу керек. Алар “маалымат тармагындагы мамлекеттик саясаттын алкагында иштөөгө” милдеттүү.

Башка өлкөлөрдүн ЖМКлары менен кызматташууга жана материалдарын жарыялоого да бөгөт коюлду. Ошол эле маалда жеке компаниялар киреше алып келген коммерциялык долбоорлоруна мамлекеттик ЖМКларды да аралаштыруусу керек.

Бул документке кол коюудан баш тарткан телерадиоканалдар ишин токтотууга аргасыз болот.

Тажикстанда көз карандысыз телеканалдар менен радиостанциялар жыл сайын жаздын аягында же жайдын башында лицензияларын узартышат. Быйыл 30дан ашуун жеке телерадиокомпания келишимдин жаңы үлгүсүн алды. Алардын арасында жаңы ачылган ЖМКлар көп.

XS
SM
MD
LG