Ссылки доступа

Мамлекеттик мүлктүн көбү сатылмай болду


Кыргызстанда мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүгө даярдыктар башталды. Мунун алдында президент Садыр Жапаров мамлекетке караштуу мүлктүн көпчүлүгүн сатууну сунуштаган.

"Азаттык" радиосу кабарлагандай, калганы тийиштүү министрликтерге, комитеттерге жана башка органдарга өткөрүлмөкчү. Демилгени сынга алгандар да, колдогондор да чыгып жатат. Учурда Мамлекеттик мүлк фондунда заводдор, комбинаттар, имараттар, автоунаалар жана башка миңдеген мүлктөр бар.

Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жараянын Экономика жана финансы министрлиги алып барып жатат. Себеби өкмөт Министрлер кабинети болуп кайра түзүлгөндөн кийин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду так ушул министрликтин карамагына кирген.

Менчиктештирүүгө байланыштуу билдирүүсүн президент Садыр Жапаров 5-майда, Конституциянын жаңы редакциясына кол коюу аземиндеги кайрылуусунда жасаган. Ал мындан аркы башкаруу толук президентке өткөнүн белгилеп, экономиканы өнүктүрүүгө байланыштуу беш сунуш келтирген.

Анын биринчиси - бизнести ыңгайлуу шарттарды түзүү, экинчиси - сот тармагын реформалоо, үчүнчүсү - экспорттук мүмкүнчүлүктү жогорулатуу жана төртүнчүсү - түз инвестицияларды тартуу болчу. Мындан кийинки кадам катары Садыр Жапаров бул жагдайды белгилеген:

“Бешинчиден, мамлекеттик активдерди колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу зарыл. Мамлекеттик менчикке караганда жеке менчик ээси натыйжалуу иштей тургандыгын экономикалык реалдуулук ырастады. Биздин милдет — мамлекеттик ишканаларда реструктуризация жүргүзүп, келечекте жеке менчикке өткөрүү. Ал эми стратегиялык объектилерде кызмат көрсөтүү сервистерин менчиктештирүү керек. Мамлекеттик мүлк фонду бул ишти аяктаган соң жоюлушу кажет. Менчиктештирүүгө жатпаган мамлекеттик мүлктү болсо министрликтерге жана ведомстволорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүсү керек. Бул жумушту аткаруу үчүн бир жыл жетиштүү деп ойлойм”.

Саясатчылардын, коомдук ишмерлердин бир тобу бул демилгени кескин сынга алып чыгышты. Алардын ичинде экс-депутат Исхак Масалиев да бар:

“Мен бул демилгени аябай терс кабыл алдым. Бул туура эмес. Мамлекеттик мүлктү сатып, байыйм деген киши таптакыр адашат. Токсонунчу жылдардан бери менчиктештирүүнүн алкагында канча гана мүлк сатылды, өлкөбүз байып кеттиби? Тескерисинче, менчикке өткөндөн кийин бир да завод, бир да фабрика калыбына келген жок. Ошол учурдагы менчиктештирүүнү анализдеп, эмне пайда бергенин аныктап алмайынча, азыр кайра мүлктү сатууга чектөө коюш керек. Мамлекеттин колунда азыр эмне калды? Бул коммуникация, энергетика жана башкалар калды. Эгер ошолорду да менчикке берип жиберсек, биз мамлекетти эмнеге алып барабыз, билбейм. Президент “мамлекет эч качан жакшы менеджер боло албайт” деп жатпайбы, мамлекет эмес, өкмөт, ошол жердеги жетекчилер, кадрлар менеджер боло албай жатат. Алардын колдорунан келбесе, мамлекеттин эмне күнөөсү бар? Энергетика тармагындагы ишканаларды, гидроэлектрстанцияларды акционердик компаниялар аркылуу жеке адамдар менчиктештирип алса, бул мамлекеттин келечеги үчүн өтө кооптуу болот. Ошол компанияларды ким башкарса, мамлекет ошого көз каранды болуп калат, тарифтерди да ошол киши каалагандай коюп калат”.

Мамлекеттик ишкана деген сөз өкмөт өзү түзүп, өзү иштеткен мекемелер. Мамлекеттик ишканалардын саны, акыркы маалыматтарга ылайык, 104 болду. Буга “Кыргыз темир жолу”, “Кыргызкурал”, “Кыргызкөмүр”, “Кыргызкитеп” ишканалары, “Кара-Балта” спирт заводу, “Бишкек-Ош” жолундагы дирекция, "Кыргызгипрозем" долбоорлоо институту, Кара-Суудагы эң ири “Туратали” базары, пансионаттар, санаторийлер, үрөнчүлүк, балык чарба, асыл-тукум, пахта заводдору жана башка чарбалар кирет.

Ал эми акционердик компаниялар бул жарым-жартылай мамлекеттик, жарым-жартылай менчик дегенди түшүндүрөт. Мындагы ишканаларда мамлекеттин үлүшү түрдүүчө, кээ бирлеринде 10-15%, же 50-60%, айрымдарында болсо дээрлик 90-100% ээлик кылат.

Акционердик компаниялар өзү да үчкө бөлүнөт: ачык акционердик коомдор, жабык акционердик коомдор жана жоопкерчилиги чектелген коомдор.

Буларга “Мегаком” деген бренд менен таанымал “Альфа Телеком”, “Айыл Банк”, “KICB Банк”, “РСК Банк”, “Бакай Банк”, “Кыргызалтын”, “Мамлекеттик ипотекалык компания”, “Улуттук энергохолдинг” компаниялары, “Айдаркен сымап”, “Дастан”, “Ош-Дюбек тамеки”, “Кызыл-Кыя-тамеки”, “Кайыңды-кабель” заводдору, “Кыргызнефтегаз”, “Манас” эл аралык аэропорту, “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясы, “Кыргызтелеком”, “Учкун” ишканалары кирет. Ушул эле топко “Найман ГЭС” коому жана “Пирамида”, “ОшТВ” телеканалдары да кошулат.

Кыргызстандын мамлекеттик мүлкүн жапырт эсептөө өнөктүгү 2014-2015-жылдары Жогорку Кеңештин тапшырмасы менен башталган. Бул иш-чарага жалпы 50 млн. сомдой каражат кеткен жана аны Дүйнөлүк банк бөлүп берген.

XS
SM
MD
LG