Ссылки доступа

Ташкент мэринин «акылдуу эсептегичтеринен улам» жүздөгөн киши жумушсуз калды


«Худудгазтаъминот» ишканасынын жумушчулары

Өзбекстанда мамлекеттик «Худудгазтаъминот» ишканасы апрель айынан башынан бери экинчи жолу кызматкерлеринин санын кыскартууда.

«Апрелдин башында «Худудгазтаъминот» жалпы өлкө боюнча миңден ашык жумушчусун иштен кетирген. 5-майда дагы ошончо кызматкерди кыскартуу чечими кабыл алынды. 7-майда жыйын өтүп, иштен алына тургандарга эскертүү каттары тапшырылды», - деди аты-жөнүн билдиргиси келбеген жумушчулардын бири.

Анын айтымында, жарандардын үйлөрүнө акылдуу газ эсептегичтери орнотулгандан кийин «Худудгазтаъминот» Ташкенттин башчысы Жахонгир Артыкхожаевге таандык «Технопарк» компаниясына ири суммада акча карыз болуп калган.

«Акылдуу газ эсептегичтер жарандардын үйлөрүнө бир жылдан бери орнотулуп жатат. Алгач бул иштер мамлекеттик бюджеттин эсебинен аткарыла турганы айтылып, элге эсептегичтер бекер орнотулган. Бирок жыйынтыгында «Худудгазтаъминот» эсептегичтерди алганы үчүн «Технопарк» компаниясына ири суммада акча карыз болуп калганы белгилүү болууда. Карыздан улам жумушчуларга сыйакыларды төлөө мүмкүн болбой калды. Мисалы, Хорезмде февралдан бери сыйакы төлөнө элек, айлыктар болсо аз», — деди жумушчу.

«Худудгазтаъминот» ишканасынын расмий сайтында жумушчулардын кыскартылганы тууралуу маалымат жок. Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.

Быйыл август айына карата жаратылыш газын пайдаланган бардык өзбекстандыктардын үйлөрүнө акылдуу газ эсептегичтери орнотулат. Бул ишти аткаруу «Худудгазтаъминот» мамлекеттик ишканасына жүктөлгөн.

Бул долбоордун алкагында тендерден жеңүүчү деп табылган «Технопарк» компаниясы «Худудгазтаъминот» ишканасына 3,5 миллиондон ашык газ эсептегичин жеткирген.

Видео

Видео

Өз менен өзгөнү тейлеген "Токтогул" ГЭСи
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:20:23 0:00
XS
SM
MD
LG