Ссылки доступа

Казакстанда саясий туткун Кенжебек Абишев мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарылган жок


Казакстанда «куралдуу жихадга чакыруу» айыбы менен жети жылга соттолгон жарандык активист Кенжебек Абишевдин мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө абактан бошотуу өтүнүчү канааттандырылган жок.

Мындай чечимди 11-майда Алматы облусундагы Капчыгай шаардык соту кабыл алды.

Буга чейин адвокат Гүлнара Жауспаева Абишевдин ден соолугу начарлап кеткендиктен аны абактан бошотуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Ал Абишевдин төрт жылдан бери отурганын, үлгүлүү жүрүш-турушун, үй-бүлөлүк абалын жана ден соолугу начарлап кеткенин жүйө келтирген. Бирок ишти караган судья бул жагдайларды эске алган эмес.

Жуаспаева «Азаттыктын» казак кызматына соттун бул чечими боюнча даттана турганын билдирди.

55 жаштагы Кенжебек Абишев 2017-жылдын аягында кармалган. Аны менен кошо дагы эки киши Казакстанда «куралдуу жихадга чакырды» деген айып менен узак мөөнөттөргө соттолгон. Абишев өзүнүн саясий көз караштары үчүн куугунтукка кабылганын айтып келет. Казакстандагы бир катар укук коргоо уюмдары аны саясий туткун деп таанышкан.

XS
SM
MD
LG