Ссылки доступа

Казакстанда токойдогу өрттүн чыгышына себепкер болгон деген шек менен бир киши кармалды (видео)


Чыгыш Казакстанда 300 гектарга жайылып, бир адамдын өмүрүн алган токойдогу өрттүн башталышына себепкер болгон деген шек менен бир киши кармалды.

Маалыматка караганда, ал өрт чыккан жерге жакын аймакта от жаккан. Ага каршы «Байкабастан башка бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү күнөөлүү деп табылса 2000 айлык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул төлөп же эки жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Буга чейин Риддер шаарынын жанындагы токойдо чыккан өрттөн бир кишинин өмүрү кыйылып, эки адам оор абалда ооруканага жеткирилгени кабарланган. Мындан тышкары 83 киши үй-жайсыз калып, айрымдары туугандарыныкына, калгандары жергиликтүү жатаканаларга жайгаштырылган.

Чыгыш Казакстан облустук полиция департаменти тургундардын күйүп кеткен документтери тез арада калыбына келтириле турганын билдирди. Облус башчысы Даниал Ахметов Instagram баракчасына өрт учурунда 37 үй күйүп кеткенин, эки жарым айдын ичинде алардын турак-жай маселеси толук чечиле турганын жазды.

XS
SM
MD
LG