Ссылки доступа

93 күндөн бери Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдында акция өткөрүп жаткан жарандар кармалды


11-май күнү кечинде Шинжаңда кармалып турган жакындарын бошотуу талабы менен 93 күндөн бери Кытайдын Алматыдагы элчилигинин алдында пикеттерди өткөрүп келаткан жарандар кармалды. Бул тууралуу акция катышуучуларынын бири Байболат Кунболатулы билдирди.

Анын айтымында, бир нече киши полиция бөлүмүнө жеткирилди.

— Биз адаттагыдай эле Кытай элчилигинин алдында пикет өткөрүп, ал жерден түз эфирге чыкканбыз. Андан соң Кытай банкына бардык. Биз кеткенден кийин үч кишини — Акикат Калиоллаулыны, Нурзат Ермекбайкызын жана Гульпи Казыбеккызын кармап кетишти. Банктын жанынан Женис Зарканулы кармалды. Андан кийин Sinooil деп аталган кытайлык компаниянын май куюучу жайына барып, түз эфирге чыктым. Биз тарап жатканда полиция кызматкерлери курчап, телефонумду алып коюшту. Мени менен бирге Альмахан Мырзанкызы, Турсынгуль Нуракай, Халида Акытканкызы жана Бикамал Какенкызы кармалды, — деди Кунболатулы.

Анын айтымында, полиция кызматкерлери Кытай элчилигинин алдындагы пикеттер тууралуу суроо беришкен.

— Мага 5-апрелде жана 7-майда тартылган видеолорду көрсөтүп, алгач элчилик алдындагы акция катышуучулары менен сүйлөшкөнүмдү, кийин өзүм пикетке чыкканымды айтышты. Биз бул боюнча талашып кеттик. Мени себептерин түшүндүрбөстөн эле бир нече саат кармап турушту. Мен протоколго кол койгон жокмун. Кечки 9дан кийин эртең кел деп бошотушту.

Ал полиция кызматкерлеринин бул кылганын аларды коркутуу аракети деп эсептей турганын кошумчалады.

Шинжаңда камакта отурганын бир тууганын бошотууну талап кылган Байболат Кунболатулы буга чейин «тынч жыйындарды өткөрүү тартибин бузуу» айыбы менен 10 суткага административдик камакта отуруп чыккан.

«Азаттыктын» казак кызматынын маалыматына караганда, 11-майда кармалган дагы бир акция катышуучусу — Турсынгуль Нуракай да бошотулду. Башка кармалгандар тууралуу маалымат жок, алардын телефондору өчүк болууда.

Пикет катышуучулары кармалганын укук коргоочулар Бакытжан Торегожина менен Ерлан Калиев да билдиришти. Алардын айтымында, акция катышуучулары Медеу жана Алмалы райондук полиция бөлүмдөрүнө жеткирилген.

Казакстанда жарандар тобу 93 күндөн бери Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдына чогулуп, Шинжаңда жакындары мыйзамсыз камакка алынып же күч менен кармалып турганын айтып, алардын бошотулушун талап кылып келишет.

Кытайдын Шинжаң аймагында уйгурлар, казактар жана кыргыздар сыяктуу жергиликтүү мусулман коомчулугунун жүз миңдеген өкүлү атайын ”лагерлерде” негизсиз кармалып турганы 2017-жылдан бери кабарланып келет. 2018-жылы Бириккен Улуттар Уюму Шинжаңдагы «лагерлерде» бир миллионго жакын уйгур жана башка аз улут өкүлдөрү бар экенин билдирген. Айрым маалыматтар боюнча камактагылар өз дининен, маданиятынан жана тилинен баш тартууга мажбурланышат.

Кытай бийлиги мындай жайларды экстремизмге, терроризмге каршы күрөштүн алкагындагы “тарбиялоочу, кесипке үйрөтүүчү жайлар” катары сыпаттайт жана куугунтук тууралуу дооматтарды четке кагып келет.

Казак бийлиги өлкө экономикалык жактан көз каранды болгон Кытайдын саясатын ачык сынга алуудан карманып, Шинжаңда кармалып турган адамдардын жакындарынын кайрылуулары «дипломатиялык каналдар боюнча» каралып жатканын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG