Ссылки доступа

Өзбекстандын ири шаарларында күнү-түнү иштей турган соода, оюн-зоок көчөлөрү ачылат


11-майда Өзбекстан президенти кызмат көрсөтүү тармагын тезинен өнүктүрүү жөнүндө токтомго кол койду. Ага ылайык, 1-сентябрга чейин ири шаарларда, облус жана район борборлорунда соода, оюн-зоок көчөлөрү уюштурулат.

Документте соода, оюн-зоок көчөлөрүндө иш алып барган бардык ишканаларга суткасына 24 саат иштөөгө уруксат берилди.

Реконструкция жана өнүктүрүү фонду кызмат көрсөтүү тармагын өнүктүрүү үчүн коммерциялык банктарга 300 миллион долларга кредиттик линия ачат. Өзбекстандын Улуттук банкы жыл соңуна чейин бул максатта эл аралык каржы институттарынан 200 миллион доллар инвестиция тартат.

Документке караганда, 2021-2023-жылдар аралыгында райондордо, шаарларда 15 фермердик базар жана 115 соода борбору ачылат.

Видео

Видео

"Шам-Бала": Керексизовдун соңку керээзи
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:10:41 0:00
XS
SM
MD
LG