Ссылки доступа

Бухаралык жөөттөр ырчы Юлдуз Усманованы антисемитизмге айыпташты


Юлдуз Усманова.

Бухаралык жөөттөрдүн АКШдагы жана Израилдеги өкүлдөрү өзбекстандык ырчы Юлдуз Усманованын палестин-израиль жаңжалы тууралуу пикирине карата кыжырданууларын билдиришти.

Алар Усманова «антисемиттик билдирүүсү» үчүн Израиль элинен кечирим сурашы керектигин айтып, айрымдары аны «эл артисти наамынан ажыратууга» чакырышты.

Өзбекстандын эл артисти Юлдуз Усманова 13-майда Instagram баракчасы аркылуу палестин-израиль жаңжалы тууралуу пикирин билдирип, Израилди баскынчы деп атаган.

«Биз Израиль эли деп айтабыз, мен аны мамлекет деп эсептебейм. Анткени алар баскынчы экенин өздөрү деле билишет... Адам өмүрүндө бир эле жолу өлөт, эгер зарыл болсо согушка барабыз. Бизди өзүмчүл деп ойлошпосун. Керек болсо биригебиз. Палестиналыктар – биздин баатырлар. Алар өз жери үчүн күрөшүп, аны коргоп жатышат», – деген Усманова.

Ырчынын бул билдирүүсүнөн кийин Израилдин Йехуд шаарында жашаган ишкер Алекс Бараев кезинде Усманованын Израилдеги бир нече концертин уюштуруп бергенин эске салды.

«Саламатсыңбы, Юлдуз. Сен да, күйөөң да мени жакшы тааныйсыңар. Сенден Израиль мамлекетинин дарегине мындай жагымсыз сөздөрдү угуу өтө оор болду. Эмне деп айтканыңды баамдасаң керек. Израилде сени жогорку деңгээлде тосуп алып, бир нече концертиңди уюштуруп бергем. Сен дайыма бухаралык еврейлерди өтө жакшы көрөрүңдү айтчусуң. Азыркы пикириңди өзүңө көңүл бурдуруш үчүн гана айттың деген үмүттөмүн. Эми сен көңүлүн ооруткан адамдардан, анын ичинде менден кечирим сурашың керек. Эгер сен палестиналыктарды жакшы көрсөң, аларды сага белек катары берүүгө даярмын», — деп жазды Бараев Facebook баракчасына.

Бухаралык жөөттөрдүн дагы бир өкүлү Ефим Миратов Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Израиль тууралуу мындай билдирүүсү үчүн Юлдуз Усманованы эл артисти наамынан ажыратышы керек деп эсептейт.

– Белгилүү өзбек ырчысынын антисемитизмге чакырык кылганы биздин үрөйүбүздү учурду. Өзбекстандын эл артистинен мындай сөздөрдү уккандан кийин бул өлкөгө баруудан коркуп жатабыз. Өзбекстанда антисемитизм ушунчалык кеңири жайылганбы? Апам Бухарада өзбек тили жана адабияты сабагынан мугалим болчу. Бухарада биз миңдеген жылдар бою бир туугандай жашап келгенбиз. Биз Юлдуз Усманованы эл артисти наамынан ажыратуу талабы менен Израилдин Өзбекстандагы элчилигине, Өзбекстандын Маданият министрлигине жана президенти Шавкат Мирзиёевге кайрылууга ниеттенип жатабыз, – деди Миратов.

АКШда жашаган бухаралык еврей Наргиза Шабанова «мындан ары ал үчүн Юлдуз Усманова деген ырчы жок экенин» айтты.

– Усманова менин жакшы көргөн ырчым, анын ырларын көп укчумун. Бирок акыркы айткандары мени жана бул жакта жашаган башка еврейлерди катуу капалантты. Ырчылар, маданият өкүлдөрү мындай учурда тынчтыкка чакырган күч болушу керек деп ойлойм. Мындан ары мен үчүн Юлдуз Усманова деген ырчы жок, – деди Шабанова.

Өзбекстандын Маданият министрлигинин өкүлү Юлдуз Усманованын бул пикири өзбек өкмөтүнүн позициясын билдирбей турганын белгиледи.

Өткөн жумада Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Чыгыш Иерусалимдеги абалга байланыштуу тынчсыздануусун билдирген.

«Тараптарды тез арада зомбулук аракеттерди токтотууга, абалды курчутуудан карманууга жана бүткүл мусулмандар үчүн ыйык эсептелген Орозо айт майрамынын алдында жаңжалды жөнгө салуу үчүн бардык дипломатиялык чараларды көрүүгө чакырабыз», — деп жазылган өзбек ТИМинин билдирүүсүндө.

Бухарских евреев объединяет и узбекский язык, и узбекский плов, и узбекская музыка
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:11:38 0:00

Былтыр Юлдуз Усманова Instagram баракчасына Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин дарегине кемсинткен сөздөрдү айткан видеосун жарыялаган. Кийинчерээк видео кайрылуу жасап, милиция кызматкерлеринен кечирим сураган. Бирок буга карабастан, ырчыга административдик иш козголгон.

10-майдан бери уланып жаткан Жакынкы Чыгыштагы жаңжалда палестиналыктар 174 киши каза таап, арасында 49 бала бар экенин кабарлады. Жөөт бийлиги өз тарабында 10 киши, арасында эки бала каза тапканын билдирүүдө.

​Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху "палестин согушкерлерин аткылоо канча талап кылынса ошончо убакка созуларын" билдирди. Өз кезегинде ХАМАСтын өкүлдөрү да согуша тургандыктарын айтышты.

Видео

Видео

Өз менен өзгөнү тейлеген "Токтогул" ГЭСи
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:20:23 0:00
XS
SM
MD
LG