Ссылки доступа

Мьянмада аскердик режимге каршы болгондор жоготууга учуроодо


Согуш болуп жаткан райондордон токойго качкан тургундар. Мьянма, архив сүрөт

Мьянманын түндүк-батышындагы Миндат шаарында аскерлер менен болгон кагылышууда кеминде беш киши каза болуп, ондогон адам жаракат алды. Дагы беш тургун камакка алынды. Бул тууралуу Эл аралык француз радиосу кабарлады.

Миндат шаарында 13-майда аскердик абал киргизилген. 40 миң киши жашаган шаарда көтөрүлүшчүл кыймыл түзүлүп, анын мүчөлөрү колго жасалган же трофейлик куралдар менен куралданышкан.

Ишемби күнү алар шаарга келген аскерлерге буктурма уюштуруп, бир нече жүк ташуучу автоунааны өрттөшкөн. Армия аларга каршы артиллерия колдонгондон кийин көтөрүлүшчүлөр токойго качууга аргасыз болушкан. Алар AFP маалымат агенттигине жакында шаарга кайра кайтып келишерин билдиришкен.

Буга чейин эл аралык басылмалар көтөрүлүшчүл кыймылдын катарында мурдагы «сулуулук ханышасы» Хтар Хтет да жүргөнүн кабарлашкан. Ал 2013-жылы Таиландда өткөн эл аралык сулуулук сынагына Мьянманын атынан катышкан.

Видео

Видео

Өз менен өзгөнү тейлеген "Токтогул" ГЭСи
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:20:23 0:00
XS
SM
MD
LG