Ссылки доступа

Жапаров: Кумтөр эки айдан бери башкаруусуз турат, мөңгүлөрдү көзөмөлдөгөн система да өчтү


Кумтөр алтын кениндеги ишмердүүлүк эки айдан бери көзөмөлсүз турат. Бул тууралуу 17-майда “Кумтөр Голд” компаниясынын ишин текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров алтын кениндеги абалды талкуулоо үчүн чогулган парламенттин кезексиз жыйынында айтты:

“Жума күнү мөңгүлөрдүн коопсуздугунун жана алардын жылып туруусунун абалын көзөмөлдөөчү система өчтү. Бул ошол зонада иштеген адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирет. Эки айдан бери Кумтөр кенинде башкаруу жок. Ортоңку звенодогу биздин адистер иштеп жатышат. Бирок негизги адамдар чыгып кетишкен. Санкциясыз өчүрүүнү биздин укук тартибин коргоо органдары карап жатышат. Биз аны калыбына келтирип жатабыз”.

"Кумтөр Голд" депутаттын бул билдирүүсү боюнча азырынча комментарий бере элек.

16-майда Кумтөрдү иштетип жаткан канадалык “Центерра Голд” компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыяланды.

12-майда Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров ““Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу башкаруу киргизип, май айынан тартып алтынды Кыргызстанда калтыруу сунуш кылынып жатканын” билдирген, компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет, Кыргызстандын үлүшү 26% түзөт.

XS
SM
MD
LG