Ссылки доступа

"Озоди": чек арада кармалган эки өлкөнүн жарандары бошотулду


"Азаттык" радиосунун тажик кызматы "Озоди" бүгүн, 17-майда кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн кармалган үчтөн жараны сүйлөшүүлөрдөн соң бошотулганын кабарлады.

Баткен облусттук администрациянын басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова "Азаттыкка" азырынча кармалган жарандарды бошотуу ишке аша электигин, эки тараптын укук коргоо жана чек ара кызматтары сүйлөшүүнү улантып жатканын айтып, расмий маалымат бир аздан кийин берилерин маалымдады.

Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында 17-майда кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн жарандарын кармап алган окуя катталган. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкерим Алимбаев кабарлаган.

Тажикстандын Исфара районундагы тартип коргоо кызматкери эки тараптан кишилер кармалып турганын “Озоди” радиосуна ырастаган. Анын айтымында, 17-майда эртең менен Кожайло-Ворух жолу аркылуу бараткан эки тажик жараны кыргыз айылында кармалган жана аларды бошотуу үчүн барган тажикстандык бир коопсуздук кызматкери да кармалган. Аны улай Ворухтагы укук коргоо кызматкери анклавдан өтүп өтүп бара жаткан кыргызстандык эки айдоочуну автоунаасы менен кармашкан.

Кыргыз-тажик чек арасындагы 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды.

Баткен облусунда 100дөн ашык жеке турак жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп, бала бакча жана чек ара бекети сыяктуу мекемелер аткыланып, кыйраган. Аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды. Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалды.

XS
SM
MD
LG