Ссылки доступа

Жогорку Кеңеш "Кумтөргө" убактылуу тышкы башкаруу киргизүүнү колдоду


Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизүүнү тапшырды. Мындай чечим парламенттин 17-майдагы кезексиз жыйынында кабыл алынды.

Ошону менен катар парламент Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерген мамлекеттик комиссиянын иш мөөнөтүн дагы үч айга узартты.

"Кумтөр Голдго" тышкы башкаруу киргизүүнү ошол комиссия сунуш кылган.

"«Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамга жана Жазык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" деп аталган мыйзам парламентте быйыл 6-майда кабыл алынып, 14-майда ага президент кол койгон.

Мыйзамда жер казынасын коргоо, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугу боюнча талаптарды бузган, адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирген ишканаларга тышкы башкаруу киргизүүнүн негиздери менен тартибин жөнгө салуучу ченемдер камтылган. Жазык кодекси убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда акционердик коомдун башкаруу органдарына коюлган чектөөлөрдү бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралган берене менен толукталган.

"Кумтөр Голдго" убактылуу тышкы башкаруу үч айлык мөөнөткө киргизилери, эгер зарыл болсо дагы үч айга узартылары бүгүнкү жыйында айтылды.

7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд” компаниясын Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

8-майда «Центерра Голд» билдирүү таратып, ишканага коюлган доолор "таптакыр негизсиз" экенин, ал эми парламентте кабыл алынган мыйзам 2009-жылдагы макулдашууга карама-каршы келерин, "Кумтөр Голд" мыйзамдарды эч убакта бузбаганын айткан.

12-майда Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапапов ““Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу башкаруу киргизип, май айынан тартып алтынды Кыргызстанда калтыруу сунуш кылынып жатканын” билдирген, компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан.

16-майда “Центерра Голд” компаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганы жарыяланды.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет, Кыргызстандын үлүшү 26% түзөт.

XS
SM
MD
LG