Ссылки доступа

Токиодогу дарыгерлер биримдиги бийликти Олимп оюндарынан баш тартууга чакырды


Жапониядагы медицина кызматкерлеринин абройлуу биримдиги өлкө бийлигин Токиодо өтүшү керек болгон жайкы Олимп оюндарынан баш тартууга чакырды.

Катарында 6 миңге жакын тез жардам кызматынын жумушчусу бар Токиодогу дарыгерлер бирикмеси өлкөдө коронавирус жуктургандар көбөйүп, баш калаадагы ооруканалар бейтаптарга толуп калганын белгилөөдө.

"Биз өкмөттөн Эл аралык олимпиада комитетине кайрылып, аны оюндарды өткөрүү оор экенине ишендиришин өтүнөбүз», — деп жазылган бирикменин жапон премьер-министри Ёсихидэ Сугага жолдогон ачык катында.

Буга чейин мындай тынчсызданууларын башка медициналык топтор менен коомдук саламаттыкты сактоо тармагындагы эксперттер да билдиришкен.

Бүгүнкү күнгө карата жапон өкмөтүн Олимп оюндарын өткөрүүдөн баш тартууга чакырган онлайн-петицияга жүз миңдеген киши кол койду.

Коронавирус пандемиясынын кесепети башка мамлекеттерге салыштырмалуу азыраак сезилгенине карабастан, жапон өкмөтү өлкөдө эмдөө өнөктүгү жай жүрүп жатканына байланыштуу сынга кабылып келет. Азырынча Жапонияда калктын 3,5% коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.

Айдын башында өкмөт коронавирус инфекциясынын жайылуусун басаңдатуу үчүн баш калаа Токио баштаган үч префектурада өзгөчө абал режиминин мөөнөтүн 31-майга чейин узарткан.

Премьер Ёсихидэ Суга вирустун жайылуусун токтотуу боюнча бардык зарыл чаралар көрүлсө, Жапония эл аралык мелдештерди коопсуз өткөрө аларын билдирүүдө.

Былтыр өтүшү керек болгон Токиодогу жайкы Олимп оюндары пандемияга байланыштуу 2021-жылга жылдырылган.

XS
SM
MD
LG