Ссылки доступа

Душанбеде ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери жолугушууда


Архив сүрөт
Архив сүрөт

Душанбеде Жамааттык Коопсуздук Келишим уюмунун (ЖККУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны өтүүдө. Иш-чарага уюмга мүчө беш өлкөнүн тышкы саясат мекемелеринин башчылары катышууда.

Тышкы иштер министрлерин ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин төрагасы, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кабыл алары күтүлүүдө.

Жолугушуу уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосунда кан төгүүгө алып келген куралдуу чек ара чыры чыккан маалга туш келди. Бул маселе жыйындын күн тартибине кирген-кирбегени белгисиз.

Бул арада Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин 19-майда орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда эки өлкө ортосунда авиакаттамдарды калыбына келтирүү, Орусиядагы тажик мигранттарынын көйгөйлөрү, тажик-ооган чек арасында коопсуздукту камсыздоо жана Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасындагы чырга байланыштуу маселелер талкууланды.

Буга чейин айрым депутаттар ЖККУ Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда адам өлүмү менен коштолгон чек ара чыры чыкканда реакция кылбаганын сынга алышкан.

ЖККУ 1992-жылы "тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту, туруктуулукту бекемдөө, жамааттык негизде коргонуу" максатында түзүлгөн. Ага Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө.

XS
SM
MD
LG