Европарламенттин депутаттары бул чечимге 20-майда келишти. Келишимге ылайык, ЕБдагы 27 өлкөдө жашаган кишилер санариптик өткөрмө билет алышат, анда анын вакцинация макамы, COVID-19 тесттеринин жыйынтыгы же коронавирус инфекциясынан дарыланганы тууралуу маалымат камтылат.
Буга чейин Европа биримдиги жарандардын жайкы саякатын жеңилдетүү үчүн COVID-сертификаттарын быйыл июнь айына чейин киргизүүгө ниеттенип жатканы кабарланган.
ЕБнын аткаминерлери сертификат милдеттүү эмес экенин, эмдөө парспорту катары эсептелбестигин жана дискриминациялык документ болбой турганын билдиришүүдө. Эмдөө кампаниялары кеңейип, COVID-19 вирусун жуктурган учурлар азайып жатканына байланыштуу жайкы туристтик сезондун алдында чектөө чараларын жумшартууда.