Ссылки доступа

Мирзиёев ЕЭАБ өлкөлөрүнө аба жана темир жол каттамын калыбына келтирүүнү сунуштады


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев эпидемиологиялык кырдаалдын турукташып баратканын эске алуу менен ЕЭАБ уюмуна кирген өлкөлөргө жүргүнчүлөрдүн аба жана темир жол каттамдарын калыбына келтирүүнү сунуштады.

“Биздин өлкөдө жүрүп жаткан калкты эмдөөгө байланыштуу кырдаал жакшырып жаткандыктан пандемияга чейинки туруктуу рейстерди жандандырууга убакыт келди”, – деди Шавкат Мирзиёев Евразиялык экономикалык кеңештин видео конференция түрүндө өткөн жогорку жыйынында.

Өзбекстан ЕАЭБ уюмуна байкоочу болуп кирген. Ага Орусия, Казакстан, Армения, Беларус жана Кыргызстан толук укуктуу мүчө.

Президент Шавкат Мирзиёев Өзбекстан өлкөлөр ортосундагы соода тоскоолдуктарын алып салууну жана бул багытта ЕАЭБ уюму менен кызматташууну колдой турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG