Ссылки доступа

Наманган мамлекеттик университети карантинге жабылды


Наманган мамлекеттик университети эки аптага карантинге жабылды. 22-майда аталган жогорку окуу жайдын окутуучуларынын биринин коронавирус инфекциясын жуктурганы аныкталган.

УзА агенттиги билдиргендей, учурда бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Маалыматка караганда, студенттер 6-июнга чейин Zoom видеопрограммасынын жардамы менен аралыктан окушат.

Буга чейин Ташкент жана Самарканддагы бир нече жогорку окуу жайлар менен мектептер COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу карантинге жабылганы маалым.

Видео

Видео

"Шам-Бала": Керексизовдун соңку керээзи
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:10:41 0:00
XS
SM
MD
LG