Ссылки доступа

Казакстанда чагылгандан жараланган бөкөндөр өлгөндөрү менен тирүүлөй көмүлгөн (видео)


Казакстанда Кызыл китептке кирген жаныбарларды тирүүлөй көмүштү. Бөкөндөрдү трактор менен көмүү учуру тартылган видео интернетте тарады. Бул казакстандыктардын нааразылыгын жаратып, жаныбарлар дүйнөсүн коргоого жооптуу аткаминерлерди айыпташууда.

Батыш Казакстан облусунда тартылган видеодо канал жээгинде табылган 400гө чукул кызыл терилүү бөкөндөрдүн сөөгү жараланган тирүү жаныбарлар менен бирге утилизацияланып жатканын көрүүгө болот. Бөкөндөргө чагылган тийген.

Жаңжалдуу видео менен бөлүшкөн блогер Батыр Сейкенов экология министрине кайрылып, уникалдуу жана сейрек жаныбарларды тирүүлөй көмүү канчалык деңгээлде этикага сыйга турганын сурады.

Министрлик жоопкерчиликти жергиликтүү чиновниктерге жүктөдү.

"Өлгөн жаныбарларды чогултуу жана утилизациялоону Таус айылдык аймагынын акимчилиги бир нече жерде жүргүзгөн. Таптакыр туура эмес окуя болду", –деди Экология министрлигинин басма сөз катчысы Самал Ибраева.

Казакстанда ушул тапта 350 миңден ашуун кызыл терилүү бөкөн бар. Тыюу салууга карабай, браконьерлер жаныбарлардын кымбат баалуу мүйүзүнө кызыгып атышууда. 2019-жылы үч браконьер Караганды облусунда корукчу Ерлан Нургалиевди өлтүрүп кетишкен. Бул үчүн алар өмүр бою эркинен ажыратылган.

Видео

Видео

Өз менен өзгөнү тейлеген "Токтогул" ГЭСи
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:20:23 0:00
XS
SM
MD
LG