Ссылки доступа

"Air Astana" Алматы-Минск аба каттамынын ачылышын кийинкиге калтырды


Казакстандын "Air Astana" авиакомпаниясы Алматыдан Минск шаарына пландалган түз аба каттамынын ачылышын кийинкиге калтырды. Бул тууралуу казак басылмалары авиакомпаниянын басма сөз кызматына шилтеме кылып билдиришти.

"Air Astana" бул чечиминин себептерин түшүндүргөн жок. Авиакомпания Алматы-Минск багыты боюнча алгачкы каттамды 31-майда аткарууну пландап жаткан.

24-майда Казакстандын Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлиги Беларустун аба мейкиндигинен учуу маселеси мекемелер аралык комиссиянын жыйынында карала турганын билдирген.

23-майда ирландиялык "Ryanair" авиакомпаниясынын Афины-Вильнюс каттамындагы учагы “бомба бар” деген шылтоо менен аскердик учактын коштоосунда Минск шаарынын аба майданына кондурулган. Натыйжада жүргүнчүлөрдүн арасындагы оппозициялык журналист, блогер Роман Протасевич жана анын сүйлөшкөн кызы камакка алынган.

Литвада баш калкалап жүргөн журналист Беларустагы август айынан берки ири демонстрацияларда маанилүү роль ойногон "Nexta" телеграм-каналын негиздеген. Ал бараткан учакты кондуруу буйругун Александр Лукашенко өзү бергени маалым болду.

Бул окуядан улам Евробиримдик, Бельгия жана Чехия беларус элчилерин чакыртып, Протасевичтин камалганына нааразылыгын билдиришти. Литвада учактын мажбурлап кондурулганы фактысы боюнча кылмыш иши ачылып, Беларустун аба мейкиндиги аркылуу өткөн учак каттамдарына тыюу салынды. Украинанын президенти Владимир Зеленский өз өкмөтүнө Беларус менен аба байланышын толук токтотуу жана бул өлкө үчүн аба мейкиндигин жабуу тууралуу чечим даярдоону тапшырды.

XS
SM
MD
LG