Ссылки доступа

Орусия "Спутник V" вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү мүмкүндүгүн караштырып жатат


Орусия коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү мүмкүндүгүн караштырып жатат. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин 24-майда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолукканда билдирди.

Өз сөзүндө Путин өлкө мындан ары да коронавируска каршы күрөшүүдө Кыргызстанга жардам бере турганын белгиледи.

"Орусия Кыргызстанга тест-системаларды, антивирустук дарыларды жана вакциналарды жеткирүүдө жардам берип келген жана мындан ары да жардам берет. Азыр биздин адистер "Спутник V" вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү маселесин изилдеп жатышат", - деди Путин.

22-апрелде Бишкекке Орусиянын "Спутник V" вакцинасынын 20 миң дозадан турган алгачкы партиясы жеткирилген. Алардын 15 миңи 10 доллардан саталып алынса, 5 миңи гуманитардык жардам катары келген. Мындан тышкары жакында бул вакцинанын дагы 100 миң дозасы келет деп күтүлүп жатканы кабарланган.

XS
SM
MD
LG