Ссылки доступа

Өзбекстанда чет тилдерде обого чыга турган теле жана радиоканалдар ачылат


Өзбекстанда күнү-түнү чет тилдерде обого чыга турган теле жана радиоканалдар ачылат. Алардын бир күндүк эфиринин кеминде үч сааты чет тилдерди онлайн үйрөтүү программаларына арналат.

Бул тууралуу президент 19-майда кол койгон «Чет тилдерди үйрөнүүнү жаңы деңгээлге көтөрүү чаралары тууралуу» токтомдо айтылат.

Документте жалпы билим берүүчү 207 мектептин тизмеси түзүлүп, алардын базасында чет тилдерди үйрөтүүчү адистештирилген мектептер түзүлөрү жазылган.

Токтомго ылайык, 2022-2023-окуу жылынан тартып 4-класстардын, 2024-2025-окуу жылынан тартып 9-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн чет тилди билүү деңгээлин аныктоо үчүн атайын тестирлөө өткөрүлөт. Мындан тышкары чет тилдер боюнча республикалык олимпиадалардын катышуучуларынын сүйлөө, окуу жана жазуу деңгээлдерин баалоонун жаңы жол-жобосу киргизилет.

Ошондой эле документте 2021-жылдын аягына чейин Жогорку окуу жайларда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында чет тилдер боюнча окутуучулар менен студенттерди даярдоо боюнча борборлорду түзүү каралган.

Видео

Видео

Өз менен өзгөнү тейлеген "Токтогул" ГЭСи
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:20:23 0:00
XS
SM
MD
LG