Ссылки доступа

Орусиядан депортацияланган тажик укук коргоочусунун камактагы мөөнөтү эки айга узартылды


Душанбе шаарынын Исмоили Сомони райондук соту Москвадагы “Тажиктер борборунун” жетекчичи жана укук коргоочу Иззат Амондун камактагы мөөнөтүн эки айга узартты.

Маалыматка караганда, тергөө учурунда он бир киши Иззат Амон алардын акчасын алдап алып алганын билдиришкен. Укук коргоочунун уулу Мухаммадюсуф Холовдун айтымында, арыздануучулардын саны улам өсүүдө.

Орусияда Амон 25-мартта дайынсыз жоголуп, эки күндөн кийин Тажикстандан табылган. Анын иши Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси ("Ири өлчөмдөгү алдамчылык") боюнча тергелүүдө.

Иззат Амон жана анын тарапташтары ага каршы саясий өңүттө иш козголгонун билдиришип, айыптоолорду четке кагып келишет.

2-апрелде Тажикстандын Москвадагы элчилигинин алдында 200дөй мигрант чогулуп, укук коргоочуну бошотууну сурашкан. Полиция ондогон кишини кармап, коомдук тартипти жана Орусияда жүрүү эрежелерин бузганы үчүн аларга айып пул салган.

48 жаштагы Иззат Амон Москвада эмгек мигранттарына укуктук жана материалдык жардам көрсөтүп келген. Ал тажик өкмөтүн сындап, миграция маселелерин козгоп, сөз эркиндигин жактаган билдирүүлөрү менен белгилүү.

XS
SM
MD
LG