Ссылки доступа

Байден менен Путин 16-июнда Женевада жолугат


АКШ президенти Жо Байден Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен 16-июнда Женева шаарында жолугат. Бул тууралуу Ак үй жана Кремль 25-майда жасаган билдирүүдө айтылат.

“АКШ менен Орусия мамилелериндеги стабилдүүлүктү калыбына келтирүү максатында лидерлер бир катар маанилүү маселелерди талкуулайт”, - деп белгиленет Байдендин администрациясынын билдирүүсүндө.

Бул – Байден январда кызматка расмий киришкенден бери эки жетекчинин алгачкы жолугушуусу болмокчу.

Кремль “орус-америка алакаларынын абалын жана өнүгүү перспективаларын, стратегиялык стабилдүүлүктүн көйгөйлөрүн, эл аралык маселелерди, анын ичинде коронавируска каршы күрөштү, регионалдык чыр-чатактарды жөнгө салууну талкуулоону көздөгөнүн” билдирди.

Кездешүү эки державанын мамилелери “кансыз согуш доорундагы” абалга кайтышы мүмкүн деген коркунуч жаралган кыйын маалга туш келүүдө.

Вашингтон менен Москва ортосунда Навальныйдын камалышы, орус аскерлеринин Украина менен чек арага тартылышы, орусиялык делген хакерлердин америкалык куурга киберчабуулуна байланыштуу пикир келишпестиктер пайда болгон. Орусия ал чабуулга тиешеси жоктугун айтып, ички иштерине, анын ичинде Навальныйдын өкүмүнө кийлигишип жатат деп АКШны айыптаган.

Мартта Байден Путин “киши өлтүргүч” деп ойлорун айткандан кийин дипломатиялык тиреш тутанып, Москва Вашингтондогу элчисин кеңешүүгө чакыртып алган.

Саммит өткөрүүнү америкалык президент алгач телефон сүйлөшүүсүндө апрелде сунуш кылган.

XS
SM
MD
LG