Ссылки доступа

Медайымдын өлүмү, кечиккен кенемте (жыйнак)


Чөлкөмдөгү ЖМКлар бул материалдарды логотибин сактоо менен бекер колдоно алышат. Директ топтомунан да видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Facebook, YouTube жана Amazon Борбор Азияда жаңыча иштеп баштады. Эмне өзгөрдү? (Настоящее время)​

- Медайымдын өлүмү, кечиккен кенемте. Бишкектеги №6 оорукананын башкы медайымы, 68 жаштагы Екатерина Мусаева февраль айында коронавирустан каза болду. Анын үй-бүлөсү өкмөт убада кылган кенемтени ала албай убара болууда. Кыргызстанда COVID-19 вирусу башталгандан бери жүздөн ашуун медициналык кызматкердин өмүрүн алды. Бирок алардын канчасы медайым жана дарыгер экени так эсептеле элек. (видео)

- 2010-жылы Иранда истребителдер Бишкекке багыт алган учакты конууга мажбурлашкан. (видео Директ)

- Москва: Өрттөн мигранттын эки кызынын өмүрү кыйылды. Москвада батирде чыккан өрттөн кыргызстандык мигранттын 4 жана 5 жашар кыздарынын өмүрү кыйылды. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин жергиликтүү тургандар аткезчиликке каршы элдик кошуундарды түзүштү. Орусияда абакта отурган оппозициялык саясатчы Алексей Навальный анын үстүнөн жаңы кылмыш иши козголгонун билдирди. (видео)

- Өтмөктүн таш-талканы чыккан жолу. Талас облусун башка аймактар менен бириктирген Өтмөк ашуусундагы негизги жолдун азыркы абал оор. Анын айынан айдоочулардын чыгымдары кыйла көбөйдү. Бул кан жолго жооптуу мекеме болсо тиешелүү акча которулса тешиктер жамала баштарын билдирди. Ашуудагы жолго кабарчыбыз Максат Кутманбеков барып келди. (видео)

- Аралыктан кагылган "Акыркы коңгуроо". (сүрөт баян)

- Казакстанда атайын бөлүктүн кызматкерлери үй талап кылган он балалуу үй-бүлөнү курчоого алып, Акордого өткөргөн жок. (видео)​

- «Нуру чачырасын». Түркстанда Назарбаевге эстелик орнотууну сунушташты. (видео)​

​- Токаев шайлоо жөнүндө мыйзамга кол койду. Документти эксперттер сынга алышууда. (видео)

- «Өмүрүбүз кылдын учурда турат». Казакстан шинжаңдык казактарга жарандык берүүдөн баш тартты. (видео)​

- "Аккорд": Тажикстандагы жарандык согуштун тагы. "Кудук" маданий борбору Тажикстандагы жарандык согуштун кесепетин чагылдырган "Аккорд" аттуу спектаклди көрүүчүлөргө тартуулады. Анын автору согуштун айынан жетим өсүп, ушул тушта Кыргызстанда жашап жаткан сүрөтчү Диана Рахманова. (видео)

- Брюховецкийлер таптаган аргымактар. Ысык-Көл облусунун Бостери айылында жашаган Брюховецкийлердин үй-бүлөсү дээрлик 50 жылдан ашык убакыттан бери күлүк таптап, аргымак багат. (видео)

- Казакстанда сот чечимдерине нааразы болгондор Жогорку соттун төрагасы менен жолугушууну талап кылышты. (Настоящее время)

- Жер көчкүсүнөн кийинки тажик айылынын жашоосу. (Настоящее время)​

- Душанбенин борбордук көчөлөрүндөгү спутник антенналары алынууда. (видео)

- Араванда картөшкө менен сарымсак бышты. (сүрөт баян)

- Тар бөлмөдөгү акындын кең ааламы. Акын, котормочу Манас Алымбаев көр тирликтин айынан чыгармачыл чөйрөдөн алыстап кеткен. Дээрлик он жылдан ашык тыныгуудан кийин ал кайрадан жаңы дем менен чыгармачылыкка кайтты. (видео)

- Байыгың келсе коён бак. (видео)

- Баткендеги окуучуларды акысыз окуткан Жылдыз. (видео)

- Актөбө төрөтканасында 30 жаштагы аял көз жумду: туугандары дарыгерлерди күнөөлөп жатышат. (Настоящее время)​

- Казакстанда COVID-19 вирусун аныктаган тиркеме жакшы иштебей жатат. (Настоящее время)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG